Нурзат Нуртаева: Айсулуу Тыныбекова менен машыгуу - тилегим болчу
RU

Нурзат Нуртаева: Айсулуу Тыныбекова менен машыгуу - тилегим болчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайда өткөн Азияда оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча күмүш байгеге ээ болгон балбан Нурзат Нуртаева Kaktus.kg редакциясына алдыдагы пландары, спортко болгон кызыгуусу жана бала чагы тууралуу маек берди.

- Сиз үчүн күрөштөгү үлгү ким болду?

- Албетте, Айсулуу Тыныбекова. 5-классымда мен Айсулуу Тыныбекованы "Балдардын сынагына сынбайсыңбы?" деген долбоордон сыналгы аркылуу биринчи жолу көргөм. Ал интервьюну көргөндөн кийин, чабыттарым күчөп, мен дагы күрөшкө катышкым келип, көзүмдөн жаш чыкканы эсимде. Ал долбоор аяктаганча көрүп, мен дагы Айсулуу эжедей болсом деп кыялдангам. Эң биринчи мага мотивация берип, үлгү болуп, күрөшкө кызыктырган ушул Айсулуу Тыныбекова болду.

- Ошол убакта бир нече жылдардан кийин Айсулуу Тыныбекованын жанында, өлкөнүн курама командасына кошулуп, Кыргызстандын намысын башка өлкөлөрдө коргойм деп ойлодуңуз беле?

- Күрөш менен жаңыдан машыгып баштаганда алардын жанына барыш үчүн 3-4 жылдай машыгышым керек, андан кийин гана жанына барам го деп ойлогом.

Айылдын алыстыгынан көбүрөөк эмгек кылдым окшойт деп ойлом.

Караңгыда коркпой башка айылга жөө барып келчүмүн. Ата-энем жөө барып-келип жатканыма боору ооруп, мага шайтан араба (велосипед) сатып берип коюшкан. Ошол менен барып, машыгып жаттым. Андан кийин жарым жылдын ичинде эле Айсулуу Тыныбекованын жанында машыгып калдым. Башында өзүм-өзүмө ишене албай жүрдүм. "Кантип эле мен Айсулуу Тыныбекованын жанына келип калдым" деп.

Машыгуулар башында кыйын болду. Айсулуу Тыныбекова улуттук курамада болгондуктан күндө эртең менен 3-4 саат машыгат. Кечкисин эки саат, эки жарым саат. Башында келгенде аябай кыйналдым. Машыгууларга көнө албай жүрдүм. Аябай кыйналганда таштап койсомбу, айылга кетип калсамбы деген ойлор келген. Анан кайра эле "Мен Айсулуу Тыныбекова менен чогуу машыкканды максат, тилек кылбадым беле" деп, өзүмдү тарбиялап, урушуп жаттым.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Атам суу тармагында бухгалтер болуп көп жыл эмгектенген. Азыркы учурда үйдө. Апам дагы үйдө. Азыр неберелерин багып, үйдө отурушат. Үй-бүлөбүздө спортко менден башка киши аралашкан эмес. Атам карылуу, күчтүү, бойлуу. Негизи атамды тарткан окшойм.

- Бир күнүңүз кандай өтөт?

- Эртең менен 07:00дөрдө турам. Жуунуп алып эртең мененки тамагымды жейм. Машыгууга даярдык көрөм, бош убактым болсо, жарым саат болсо да китеп окуганга аракеттенем. Көбүнчө адабияттарды окуганга аракет кылам. Азыркы учурда "Чөнтөк дос" деген макал-лакап китепти жанымда алып жүрөм. Кандай учур болбосун, кайсыл жагдайга кандай макал туура келет деп карап турам. Саат 10:00дө машыгуубуз башталат. Эки, үч саат машыгуу болот. Андан кийин түшкү тамакты ичип алып түштө бир саат уктайм. Кечки бештерде кайра машыгуу башталат. Машыгуудан кийинки чарчаган сезимдер өзгөчө айтып бүткүс сезимдер.

- Жеке жашоого убакыт барбы?

- 17-18 жашымда жазып жүргөн балдарга жооп берген күндөр болгон. Бирок бир максатты коюп, аны көздөй бет алганда жеке жашоону ойлонбой калат экенсиң. Чоң спортко аралаша баштаганы жеке жашоо тууралуу азыр ойлонбойм деп чечтим.

- Машыктыруучулар деле эскертип турса керек ээ?

- Машыктыруучулар сүйлөшкөн же силерге жага турган балдар болсо жашырбай айткыла, тааныштырып койгула, силер кандай бала менен, ал кандай ой менен сүйлөшүп жатканын билели деп айтып калышат. Силердин сезимдериңерди эч ким бууй албайт. Бирок ал спорттук карьераңарга кедергисин тийгизип коюшу мүмкүн, сүйлөшпөй коё тургула деп айтып калышат.

- Тоскоолодуктардан деле өтүп жатсаңыз керек?

- Кыйынчылыктар албетте болот. Кыйынчылык спортто эле эмес, бардык жакта болсо керек. Менин күрөштө жүргөнүмө алты жылдай болуп калды. Кээде машыгуудан кийин барып эч кимге көргөзбөй ыйлап алган күндөр болгон. Эң алгачкы мелдештер белгиленип, мына кетебиз деп жатканда жаракат алып калып, барбай калган учурлар болгон. Бут тосуулар чоң спортто да болот экен. Менин күндөлүгүм бар. Буга чейинки жазгандарымды азыр окусам, барактарга жаштарым тамып, суу болуп, изи калып калгандары бар экен. Өзүмө "бул күндөр өтүп кетет, чыда" деп жаза бериптирмин (күлүп).

"Ар бир кыйынчылыктын аркасында жакшылык бар" деп эле жаза бериптирмин.

Айылдагы жолдун алыстыгы мага эч тоскоолдук кылбаптыр. Көрсө бир нерсени максат кылып, ошого карата аракет кыла берсең - тоскоолдуктар өзүнөн-өзү жоюлат экен.

Маектин уландысы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14799