Динара Ашимова кара куурайды жок кылбай, дары-дармектер үчүн өстүрүүнү сунуштады
RU

Динара Ашимова кара куурайды жок кылбай, дары-дармектер үчүн өстүрүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Кыргызстанда кара куурайды өрттөбөй, тескерисинче өстүрүүнү сунуштады. Ал парламенттеги жыйында башка өлкөлөрдө кара куурай дары-дармектерди даярдоого колдонуларын айтты.

Эл өкүлү саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге төмөндөгүдөй сунуш берди.

"Мага демилгечилер сунуш менен келишти эле. Кара куурайдын жанына башка түрүн эксе, кийинки жылы кара куурайдын психотроптук касиети жоголот экен, Польша менен Украинада бул практика түрүндө жасалыптыр. Андан дарыларды чыгарышат экен. Европада буга суроо-талап чоң экен. Биз Кыргызстанда кара куурайды өрттөп жатабыз. Ушул долбоорду сизге жөнөтөйүн, карап көрсөңүз", - деди Ашимова.

Сүрөт: ИИМдин маалымат кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14857