Төө-Ашуудагы өрттү өчүрүүгө жардам берген эки милиционер каза болду (фото)
RU

Төө-Ашуудагы өрттү өчүрүүгө жардам берген эки милиционер каза болду (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төө-Ашуудагы өрттү өчүрүүгө жардам берген эки милиционер каза болду. Бул каргашанын чоо-жайын Ички иштер министрлиги билдирди.

27-октябрда саат 15:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан жолдо күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, күйүп кеткен.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 41 жаштагы ыкчам кызматкери, милициянын майору Дилмурат Шамшиев жана 30 жаштагы тергөөчү, милициянын капитаны Орозмамат Акуналиев өтүп бара жатып, өрттөнүп жаткан күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусуна жардам берүү үчүн токтошкон. Укук коргоо кызматкерлери катуу күйүк алып, ооруканага жеткирилген.

1-ноябрда болгон кырсыктын кесепетинен Дилмурат Шамшиев күйүктөн каза болсо, бүгүн, 6-ноябрда Орозмамат Акуналиев көз жумду.

Каза болгон милиционерлер тууралуу эмнелер белгилүү

Шамшиев Дилмурат Дарманович үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. 1982-жылы 16-февралда Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ички иштер органдарында 24 жашынан баштап иштеген. Ал аймактык башкармалыкта, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында, андан кийин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматында, акыркы убакта кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштеген. Дилмурат Шамшиев коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө чоң салым кошкон.

Акуналиев Орозмамат Акуналиевич - үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. 1993-жылы 12-мартта Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов атындагы айылында туулган. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э.Алиев атындагы академиясынын бүтүрүүчүсү, Өзгөн, Ноокат РИИБде, Ош облусунун ички иштер башкармалыгында кызмат өтөп, 2021-жылдан бери улук кызматкер болуп эмгектенген. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматында тергөөчү.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков, коллегия мүчөлөрү жана ички иштер органдарынын кызматкерлери каза болгон кызматкерлердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты.

"Бул орду толгус жоготуу, биз жоготуунун азабын тең бөлүшөбүз. Офицерлер башкаларды сактап калуу үчүн өз өмүрлөрүн беришти. Биз аларды ар дайым эстейбиз. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт", - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14880