Акылбек Жапаровдун Көлбаевдин апасы менен кандай байланышы бар? Орунбеков түшүндүрмө берди
RU

Акылбек Жапаровдун Көлбаевдин апасы менен кандай байланышы бар? Орунбеков түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мининстрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримавторитет Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын 70 жылдык юбилейине арналган салтанатка катышкан видеосу интернетке тарады. Соцтрамактарга тарап жаткан видео эски экенин президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жазып, түшүндүрмө берди.

Интернет колдонуучулар Акылбек Жапаровдун тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда.

"Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби - кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болбогонун маалымдайбыз", - деди Орунбеков.

Белгилесек, интернетке тараган видеодон мааракеге "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов, Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев жана башка саясатчылардын да жүргөнүн көрүүгө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14900