Бишкекте таштанды челектен табылган ымыркайдын абалы айтылды
RU

Бишкекте таштанды челектен табылган ымыркайдын абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Элебаев көчөсүндөгү таштанды чакасынан ымыркай табылды. Бул туурасында Kaktus.media сайтына окурмандар билдиришти.

Айтымдарында, наристени 8-ноябрда саат 21:00дө табышкан. Анда өтүп бара жаткан жаран ыйлап жаткан ымыркайдын үнүн уккан. Таштандылар салынган чакадан ымыркайды таап, дароо "Тез жардам" кызматы жана милиция чакыртылган. Наристени тез жардамдын кызматкерлери алып кетишкен.

Бишкектин Октябрь РИИБи маалыматты ырастап, факты каттоого алынганын билдирди. Учурда окуя боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ымыркай №1 төрөт үйүнө которулуп, абалы туруктуу экенин айтышты.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен ымыркайдын абалы тууралуу маалымат беришти. Бишкек шаарынын №1 төрөт үйүнө 8-ноябрда саат 23:38де салмагы 2210 граммды түзгөн эркек бала жеткирилген.

Абалы оор болчу. Ал белгисиз шартта төрөлгөндүктөн дене табы 28,4 градуска чейин түшкөн. Неонаталдык реанимация бөлүмүндө балага тез арада бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү.

Бүгүнкү күндө дарыгерлер баланын абалын туруктуу деп баалап жатышат. Балага бардык шарттар түзүлүп, байкоо уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14903