Таштанды челектен табылган ымыркай тууралуу райондун тургундары айрым жагдайларды айтышты
RU

Таштанды челектен табылган ымыркай тууралуу райондун тургундары айрым жагдайларды айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Түштүк-2 кичи районунун тургундары таштанды челектен табылган ымыркай боюнча айрым жагдайларды айтып беришти.

Алардын айтымдарында, ошол тегеректе жашаган пакистандык төрт студент наристенин ыйын биринчи болуп угушкан. Алар таштанды ыргытканы чыгып, таштанды челектен баланын ыйлаганын угушкан.

Адегенде көңүл бурбай, балким, ыргытылган оюнчуктун үнү болушу мүмкүн деп ойлошкон. Алар артка кайтып бара жатып ынанымдуу болушу үчүн таштанды челекти жакшылап карап коюуну чечишкен. Студенттер өтүп бара жаткан адамды токтотуп, баланы аман алып калуу үчүн медициналык кызматты чакырууну суранышкан.

Бул учурда студенттердин бири баланы өзү алып чыгууну чечкен. Таштандыларды карап жатып, желим баштыкка оролгон баланы таап алган. Аны баштыктан алып чыгып, дароо жылуу кийимге ороп коюшту. Андан кийин "Тез жардам" кызматы жана милициялар келишкен.

Белгилесек, жергиликтүү тургундар алгач берген маалыматында бала саат 21:00дө табылганын жаңылыш билдиришкен. Такталгандай, ымыркай саат 23:00гө жакын табылган. Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүдө бала саат 21:00дөн 23:00гө чейинки убакытта ташталганы болжолдонгон. Ымыркай таштанды челекте болжол менен 1,5-2 саат жаткан.

Камерага түшкөн видеодон бул убакытта бир аял жана анын кызы (мектепке чейинки курактагы), ошондой эле үч эркек таштанды челекке жакындашкан. Бирок мунун баары караңгы убакта болгондуктан баланы ыргыткан адамдын өздүгүн тактоо кыйын болууда.

Эскерте кетсек, 8-ноябрда Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылган. Бала №1 төрөт үйүнө жеткирилип, керектүү жардам көрсөтүлгөн. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын абалы оор болчу. Учурда туруктуу деп бааланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14908