Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү ишкерлерге келтирген зыянды төлөп беришти. Видео
RU

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү ишкерлерге келтирген зыянды төлөп беришти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ишкерлерден жана Кыргыз Республикасынын башка жарандарынан Кытайдан ташып келген товарларды тартып алганга шектелип кармалган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөркелтирилген зыяндын ордун толтурушту. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгилесек, 385 миң доллар өлчөмүндө материалдык зыян тарткан М.Г. атту жаран арыз УКМКга кайрылып, ушул жылдын май айында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар көп жылдар бою ишкерлерден жана кыргыз жарандарынан товарларды тартып алып, Кыргызстандын жана башка КМШ мамлекеттеринин аймагына сатып келишкен.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, УКМК тарабынан "өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Чогултулган далилдердин негизинде К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү, анын ичинде ЖАКтын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар аныкталып, кармалган.

Тергөөнүн жыйынтыгында кармалган айрым адамдар тарабынан келтирилген зыян транспорттук-логистикалык ишканага жана эл керектөөчү товарлардын ээлерине толугу менен толтурулду.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде тергөө амалдары уланууда.

Башкы беттеги сүрөттө жабырлануучу, кадр видеодон алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14926