Ажылык сапарга каттоо токтоду
RU

Ажылык сапарга каттоо токтоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ажылык сапарга каттоо мөөнөтүнөн мурда токтоду. Муфтияттан билдиришкендей, Кыргызстанга бөлүнгөн орундар 13-ноябрда эле толуп калды.

Буга байланыштуу РСК банкка алгачкы төлөм кабыл алуу токтотулду. Ажылыкка барууну каалаган 6524 киши 2000 доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана 1000 сом кайтарымсыз акча каражатын өлкө аймагындагы РСК банкынын филиалдарына төктү.

Төлөм кабыл алуу башталган күнү 5347 киши каражат төксө, 10-ноябрь күнү 5947 кишиге жеткен. Ал эми кечээ, 13-ноябрь күнү саат 17:00гө карата 6524 киши алгачкы төлөмдү төгүп, ажылыкка кабыл алуу жабылды.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанга 6060 квота бөлүнгөн. Ал эми 500дөй киши резервде болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14936