ЦУМ соода борборунун ээлери боюнча УКМК кеңири түшүндүрмө берди
RU

ЦУМ соода борборунун ээлери боюнча УКМК кеңири түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук комитети 13-ноябрда Бишкектеги ЦУМ соода борборунун кожоюну Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке сыртынан айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланганын маалымдады. Бул маалыматтан кийин "ЦУМ-Айчүрөк" ишканасынын администрациясы УКМКнын маалыматын четке какты.

Коопсуздук комитети А. Габбазов "ЦУМ-Айчүрөк" ААКтын уюштуруучусу экенин дагы бир жолу айтып, түшүндүрмө берди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "ЦУМ Айчүрөк" ААКтын негизги уюштуруучулары 2 юридикалык жак экендиги аныкталган. Тактап айтканда, уюштуруучулардын бири "ЦУМ Айчүрөк" ААКсынын 47% акциясына ээлик кылган "Башкы универмаг" компаниясы. Өз кезегинде "Башкы универмаг" компаниясынын жалгыз негиздөөчүсү А. Габбазовдун апасы Маметова Анашхан Хашимахунова болуп саналат.

"ЦУМ Айчүрөк" ААКтын дагы бир уюштуруучусу "ЦУМ Холдинг" ААКсы (акциялардын 44%ына ээлик кылат). Ошол эле учурда "ЦУМ Холдинг" компаниянын жетекчиси А. Габбазовдун аффилияцияланган адамы Абдыжапаров Болушбек Абдыжапарович.

"ЦУМ Айчүрөк" ААКтын соода жана кызматтык жайларын ижарага берүү "Сити Центр" ЖЧКсы аркылуу ишке ашырылат, анын жалгыз негиздөөчүсү А. Габбазовдун эжеси Хадия Илшатовна Маметова. Ошондой эле "Башкы Универсал Дүкөн" ААКтын директору - Мухтаров Нурмамет Равкатович А.Габбазов жана анын бир тууганы Ришат Илшатович Габбазовдун Бишкек шаары, Чыгыш-5 кичи району, №33 үй, 3-батир дареги боюнча катталган.

"ЦУМ Айчүрөк" ААКтын чыныгы ээси Габбазов (азыркы Маметов) Анвар Илшатович болуп саналат, ал аталган мүлктү өзүнүн аффилияцияланган адамдарына, анын ичинде жакын туугандарына каттаткан дешет комитеттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14938