Апасы рактан каза болгон. Токмокто секелек кызды өгөй атасы зордуктап жүргөн
RU

Апасы рактан каза болгон. Токмокто секелек кызды өгөй атасы зордуктап жүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаарында апасы рактан каза болгон кызды 38 жаштагы өгөй атасы зордуктап жүргөн деген шектелип камакка алынды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына кабарлашкандай, кылмыш ишти тергөө аяктап, материалдар сотко жөнөтүлгөн.

Маалым болгондой, 18-августта Токмок ШИИБине социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкери арыз менен кайрылган. Анда жашы жете элек кызды 1985-жылы туулган М.С.Т. аттуу өгөй атасы 2023-жылдын февраль айынан тарта зордуктап келгени кабарланган.

Бул факты боюнча 154-берене ("Зордуктоо") менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Шектүү катары М.С.Т. кармалып, аны камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалган. 10-октябрда тергөө иштери аяктап, иш материалдар сотко жөнөтүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө секелек кыздын апасы 2022-жылы 32 жашында залалдуу шишик дартынан каза тапканы такталган. Ал эми кыздын өзүнүн атасы 2023-жылы өлтүрүлгөн, буга байланыштуу окуучу өгөй атасы менен чогуу жашап жүргөн.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14965