ЦУМ соода борборун башкарган компаниянын жетекчиси кармалды
RU

ЦУМ соода борборун башкарган компаниянын жетекчиси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчы Көлбаевдин (Асанбек) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында "Сити Центр" ЖЧКсынын башкы директору кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Маалым болгондой, 22-ноябрда "Сити Центр" ЖЧКсынын башкы директору Ж.З.О. кармалып, ага 222-берененин 3-бөлүгүндө (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) каралган кылмышты жасагандыгы боюнча айып тагылды.

Коопсуздук комитеттен кошумчалашкандай, "Сити Центр" ЖЧКсы "ЦУМ" соода борборунун негизги башкаруучу компаниясы болуп саналат. Аталган соода борборундагы соода жана кеңсе жайларын ижарага берүү менен алектенет.

Учурда мамлекеттик органдарга берилген отчёттук маалыматтардагы бурмалоолорду аныктоо жана республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Буга чейин 2023-жылдын 11-ноябрында "ЦУМ" соода борборунун ээси А.Маметовго (Габбазов) тергөө органдары тарабынан издөө жарыяланган. Мындан тышкары УКМК тарабынан К.Көлбаевге таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15012