Газа тилкесинен эки кыргызстандык эвакуацияланды
RU

Газа тилкесинен эки кыргызстандык эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Газа тилкесиндеги (Палестина) туруксуз кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчилиги жана Россиянын Каир шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, кыргызстандыктар 24-ноябрда Газа тилкесинен Египет аркылуу Москвага келишти.

Кыргызстандын жарандарын Москва шаарындагы элчиликтин кызматкерлери тосуп алып, мейманканага жайгаштырышты.

Кыргыз тарап Россияга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Тышкы иштер министрлиги Газа тилкесинин аймагынан чыгып кетүүгө ниеттенген Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерди улантат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15023