Газа тилкесиндеги согуштук аракеттер убактылуу токтоду
RU

Газа тилкесиндеги согуштук аракеттер убактылуу токтоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Газа тилкесиндеги согуштук аракеттер убактылуу токтоду. Бул тууралуу Times of Israel басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Израил бийлиги менен ХАМАС уюмунун ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде аталган тилкеде согуштук аракеттер төрт күнгө токтойт. Бул маалда ХАМАС уюму барымтага алынгандардын 50сүн бошотууга тийиш. Ал эми Израил түрмөдөгү айрым палестиндерди бошотушу керек.

Бир катар өлкөлөрдүн ортомчулугу менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, 24-ноябрда хамасчылар 13 израилдик туткунду бошотушу керек. Жалпысынан уюмдун барымтасында 200дөн ашуун киши бар.

Бул арада израил бийлиги түрмөдө жаткан 39 палестин аял жана балдарды бошотот. Төрт күндүн ичинде түрмөдөгү 150 палестин бошотулушу зарыл.

Убактылуу ок атышуу токтогон маалда Газа тилкесине гуманитардык жардам киргизилет.

Израил аскерлеринин сокккусунан Газа тилкесиндеги өлгөндөрдүн саны 13 миңден ашты. Алардын алты миңге чукулу балдар, 3,5 миңдейи аялдар деп айтылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15020