Баткен облусунун башчысынын кеңешчиси 2 айга камакка алынды
RU

Баткен облусунун башчысынын кеңешчиси 2 айга камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин кеңешчиси 200 миң доллар опузалап алуу фактысы боюнча кармалган. Сот аны 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына соттон билдиришти.

Баткен райондук соту 25-ноябрда шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны 2 ай камакка алуу чечимин чыгарды.

Белгилесек, 23-ноябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси кармалган. УКМКдан билдиришкендей, кеңешчи көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15027