УКМК: Баткенде облус башчынын кеңешчиси 200 миң доллар менен кармалды
RU

УКМК: Баткенде облус башчынын кеңешчиси 200 миң доллар менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң доллар опузалаган деп шектелүүдө.

УКМКдан билдиришкендей, 23-ноябрда көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А.дан 200 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. кармалды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында М.Т.А. Кыргыз Республикасынын А.П.Н. жана А.А.Н. аттуу жарандары менен кылмыштуу бүтүмгө барган. Алар материалдык пайда алуу максатында "рейдерлик жол менен басып алды жана көмүр казууга лицензия алуу үчүн документтерди бурмалады" деген арыз менен УКМК төрагасы .К.Ташиевге көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Алар коркутуу менен көмүр казуучу ишкананын директору А.Б.А.дан 200 миң доллар опузалаганы такталды.

Учурда иштин жагдайларын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү жана ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15016