Кылмыш ишинде колдонуу үчүн сунушталган электрондук билериктер тестирлөөдөн өтүүдө
RU

Кылмыш ишинде колдонуу үчүн сунушталган электрондук билериктер тестирлөөдөн өтүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Юстиция министрлиги кылмыш ишинде колдонуу үчүн сунушталган электрондук билериктерди тестирлөөдөн өткөрүүдө. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.

Электрондук браслеттер үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланышкан кырдаалдарда абдан натыйжалуу (жакындыктын радиусун чектөө аркылуу) дешет министрликтен.

Юстиция министрлиги адамдын турган жерине байкоо жүргүзүү үчүн арналган электрондук билериктерди колдонуу методологиясын талдоо жана баалоо боюнча активдүү ишти баштады.

Буга чейин Министрлер кабинети тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелеген жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген. Депутаттар тарабынан кылмыш процессине электрондук билериктерди киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, кылмыш процессинде жана сот өндүрүшүндө бир катар аспектилерди санариптештирүү жана оптималдаштыруу шарттары түзүлөт, атап айтканда:

  • практикада электрондук билериктерди колдонуу;
  • камакта азыраак жарандар кармалат (анын ичинде анча оор эмес иштер жана коркутуу жана зомбулук көрсөтүүгө байланышпаган иштер боюнча ж.б.);
  • эгерде сот тарабынан акталса, мыйзамсыз кармоонун кесепеттери минималдаштырылат;
  • тиешелүү инфраструктурага жүктөм азаят.

Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда электрондук браслеттерди жана башка ушул сыяктуу электрондук каражаттарды практикада 2024-жылы жазык-аткаруу мыйзамдарын ишке ашыруунун алкагында гана эмес (пробация институту аркылуу электрондук көзөмөлдүн алкагында), жаңы "электрондук байкоо" бөгөт коюу чарасы түрүндө да колдонууга болот.

Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, электрондук билериктерди жазык-аткаруу өндүрүшүндө мурда соттолгон адамдарга карата колдонсо болот. Анткени: "Электрондук көзөмөл – бул пробациянын кардарларына сот тарабынан жүктөлгөн көзөмөл талаптарынын сакталышына жана пробациялык милдеттердин аткарылышына пробация органы тарабынан электрондук-техникалык түзүлүштөрдү колдонуу менен жүргүзүлүүчү көзөмөл".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15031