Караколдо өлгөн малды союп келген жай аныкталды. Видео
RU

Караколдо өлгөн малды союп келген жай аныкталды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан мал союлуучу жайлар текшерүүгө алынып, мыйзам бузуулар аныкталды. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, күтүүсүз текшерүүнүн жүрүшүндө өлгөн малды союп келген жай аныкталды.

Маалыматта айтылгандай, жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында Каракол шаарындагы мал союучу жай ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбай, мыйзамсыз иш жүргүзүп, өлгөн малдын этин союп келгени аныкталды. Ветеринардык кызматтын жетекчисинин тапшырмасы менен мал союучу жайдын иши токтотулду.

Белгилесек, Ветеринардык кызмат тарабынан катталган мал союучу 100 жайда текшерүү жүргүзүлүп, анын 28и ветеринардык-санитардык талаптарды жооп бербегендигине байланыштуу убактылуу жабылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15033