Мал союучу 28 жайда санитардык талаптар сакталбай келген. Видео
RU

Мал союучу 28 жайда санитардык талаптар сакталбай келген. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ветеринардык кызмат тарабынан мал союучу 100 жай катталып, анын 28и ветеринардык-санитардык талаптарды жооп бербегендигине байланыштуу убактылуу жабылды.

Андан тышкары жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде, күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында, дагы бир мал союучу жай ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбай, өз билимдик менен иш жүргүзүп келгени аныкталды.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында мындай текшерүүлөр республика боюнча жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15014