Кыргызстанга балык уулоочу торлордун түрлөрүн алып кирүүгө тыюу салынды
RU

Кыргызстанга балык уулоочу торлордун түрлөрүн алып кирүүгө тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмегин бекитүү жөнүндө Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, синтетикалык материалдардан жасалган балык уулоочу торлор бышык жана сууда дээрлик чирибейт. Ошондуктан алар көлдөрдө жана башка суу объектилеринде топтолуп калат.

Торлордо балыктар чырмалышып өлүп суу объектилеринин чириген балыктар менен булганышына жана бүтөлүшүнө алып келгени суу объекттеринин жагымсыз эпизоотиялык абалына жана бүткүл Кыргызстан үчүн экологиялык кырсыкка алып келет. Ушуга байланыштуу буга чейин эле мындай торлорду алып кирүүгө мыйзам менен тыюу салынган, бирок синтетикалык торлордун тизмеси аныктала элек жана бекитилген эмес болчу.

Токтомго ылайык, тыюу салынган каражаттардын тизмесине:

  • синтетикалык нейлондон же башка полиамиддик моножиптерден машинада же колго жасалган, жиптин диаметри 0,5 миллиметрден кем жана торчолордун өлчөмдөрү 100 миллиметрден кем болгон даяр түйүндүү балык уулоо торлорун (торчонун конструктивдүү кадамымын өлчөмү 50 мм кем) (код ТЭИТН коду 5608 11 800 0);
  • диаметри 0,5 миллиметрден кем жана торчосунун өлчөмдөрү 100 миллиметрден кем башка синтетикалык моножиптерден машина менен же колго жасалган даяр түйүндүү балык уулоо торлорун (торчонун конструктивдүү кадамымын өлчөмү 55 мм кем) (ТЭИТН коду 5608 11 800 0);
  • электр тогу аркылуу суу биологиялык ресурстарын алуу (кармоо) функцияларын биргелешип аткарган, туташтырылган өткөргүчтөрү жана аккумулятору (батареялары) бар электр сигнал генераторлорунан турган электрлештирүүчү системаларды жана түзүлүштөрдү (ТЭИТН коду 8543 20 000 0) синтетикалык торлор кирет.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15046