Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балык уулоого тыюу салынды
RU

Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балык уулоого тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизилди. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясы кабарлады.

Мораторийдин максаты - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбалык көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Балыкты төмөнкү максаттар үчүн уулоону кошпогондо, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын:

  • ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү;
  • балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүү;
  • илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине:

  • Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, анын ичинде аквакультура чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13361