Мурдагы чиновник сойкукана ачууга имарат бергенге шектелип кармалды
RU

Мурдагы чиновник сойкукана ачууга имарат бергенге шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн мурдагы аким жана ири ишкер Б.К.А. кармалды. УКМКнын маалыматында шектүү "Ак-Суу" ("Дордой") базарынын ээси экени айтылат.

Чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукананы уюштуруу фактысы боюнча тергөө иштеринин алкагында Б.К.А.нын тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

"Б.К.А. уюшкан топтун курамында бул кылмыштуу ишке катышып, сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берип, интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү бир нече жолу колдонгондугу аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдардын негизинде 30-ноябрда 159-берененин ("Сойкулукка тартуу") негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Б.К.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө иш-чараларынын комплекстери жургүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15063