"Балдардын көзүнчө атышты". Кыргызстандагы ит атуу маселеси
RU

"Балдардын көзүнчө атышты". Кыргызстандагы ит атуу маселеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жолбун иттердин көйгөйү чечиле элек. Активисттер мэрия бул көйгөйдү иттерди атуу менен чечип жатканына нааразы. Жакында эле Лебединовканын "Восток" айылында иттерди тендер утуп алган топ атып кетти.

Жергиликтүү тургундардын бири ит атарлар иттерди балдардын көзүнчө атып кеткендерин айтты.

"Эшиктин алдында кадимкидей кыргын, анткени иттер... Ооба, бул жакта башка жолбун иттер бар болчу. Бирок биздин үйдүн иттери 5-7 жылдан бери биз менен жашап келген", -дейт ал.

Тендер утуп алдык деп келген ит атарлар аталган айылдын жолбун иттерин гана эмес үй күчүктөрүн да атып кетишкен. Буга жергиликтүү жашоочулар башынан каршы болчу.

"Менин балам иттерди аткандарды көргөндүктөн, октон коркот. Иттерди баланын көзүнчө өлтүрүшкөн. Мен иттерди атуу боюнча караманча каршымын. Иттерге гана эмес, деги эле кандай жаныбарлар болбосун аттырууга каршымын", - дейт жергиликтүү жашоочу.

"Жоопкерчиликсиз адамдар күнөөлүү"

Восток айылынын айрым жашоочулары жолбун иттер жоопкерчиликсиз адамдардын айынан көбөйүп жатканын айтышат.

"Булар иттерин ыргытышкан жоопкерчиликсиз адамдар. Андан кийин алар көбөйүп жатпайбы. Анан алар кайда барышмак эле? Ушул жакта жүрүшөт да. Бул жакта тамак бергендер дагы бар, алар ошону үчүн көбөйүп жатат.

Бирок, атпай эле, жок дегенде бир жерге, кандайдыр бир баш калкалоочу жайга алып кетишсе, менимче. Өлтүргөндөн көрө...", - дейт ал.

Бул маселе боюнча Kaktus.kg "Тазалык" муниципалдык ишканасына кайрылып, төмөнкүдөй жооп алды.

"Тазалык муниципалдык ишканасында жолбун жаныбарларга каршы бөлүм бар. Анда 8 киши эмгектенет. Эч кандай тендери жок эле, бул ишканада кызмат кылышат.

Ал эми Лебединовканын "Восток" айылы Бишкек шаарына тиешеси жок жана биздин ишкана ал аймакта жолбун жаныбарлар боюнча кызмат кылбайт. Негизи, биздин кызматкерлер жолбун иттер менен гана иш алып барат, үй иттерине тийишкенге болбойт", - деди Тазалык муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жакшылык Бердибек уулу.

Тендерди ким өткөргөнү, ким утканы белгисиз. Бул боюнча "Восток" айылынын башчысы комментарий берүүдөн баш тартты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15064