ККМге каршы соодагерлер: биз сунуш эмес, бийликке талап коюп жатабыз
RU

ККМге каршы соодагерлер: биз сунуш эмес, бийликке талап коюп жатабыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4- декабрда "Дордой-Моторс" базарынын соодагерлери нааразычылык акцияга чыгышты. Алар ККМ менен салык төлөөнү жоюп, бийлик аларды патент менен иштөөгө уруксат берсин деген талаптарын айтышты.

Көп өтпөй, ал жерге мэр Айбек Жунушалиев баштаган топ жана "Дордой" базарынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков келип, аталган базардын соодагерлеринен 15 адамды дайындап, Ленин райондук акимиатында сүйлөшүү жүргүзүү сунушун айтышты. Талаптарын бийликке жеткирүү үчүн соодагерлердин өкүлдөрү мэр менен сүйлөшүп, талаптарын айтышты.

"Биз ККМге макул эмеспиз"

Жыйынга барган базардын өкүлү, "Дордой Дыйкандын" профсоюзу Зиябидин Максутов соодагерлердин алдына чыгып, талаптарын жеткиргенин айтты.

"Биз сунуш катары айткан жокпуз. Талап - ККМди жок кыласыңар! Патент менен иштейбиз. Болгону ошол. Сөздүн кыскасы ошол. Эртең чечип берем же бир жумадана кийин чечип берем деп айткан жок. Бул жерде мэр айткандай эле: канча бир ККМ аппаратын буйрутма беришиптир. Айрым кыйналгандарга бекер беребиз деп айтты. Ал эми салыкчылардын баягы эле сөзү. Дагы бир биз тааныбаган кишилер келиптир. Алар Россиядагы ККМди айтышыптыр. Биз аларга айттык: Бизди Россия менен салыштырбагыла, теңебегиле деп. Биз Кыргызстанда жашап жатабыз.

Бизге жеңилдетип эле патенттин системасын эле калтырыңыздар, бир өлчөмдө дедик. Мисалы: базарда 10 пайыз ККМ менен иштей ала турган болсо, 90 пайызы ККМ менен иштей албайт.

Базардагы бир киши көп адамдын жумушун аткарат. Сатуучу дагы, бухгалтер, кассир да ошол киши. Бүт өзү алып барат. Ал, анан салык кымзатына барып туруп, эртеден кечк чейин ай сайын, квартал, жыл отчет бергенге убакыт жок", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15076