Садыр Жапаров: Азыркы салык режими 2024-жылдын июлуна чейин сакталат
RU

Садыр Жапаров: Азыркы салык режими 2024-жылдын июлуна чейин сакталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 5-декабрда "Дордой" базарынын аймагында ККМге каршы митингге чыккан соодагерлерге кайрылып, учурдагы салык режими июль айына чейин сакталарын, ишкерлердин айткан дооматтары боюнча сүйлөшүүлөр болоорун билдирди.

Бул Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мурда жарыяланган жаңы эрежелерге ылайык, соода патенттери жокко чыгарылып, ишкерлер атайын салык режимине өтүп, жеке ишкерлерди ачышы керек болгон жаңы эрежелер 2024-жылдын 1-январында эмес, 2024-жылдын июль айында күчүнө кирет дегенди билдирет. А балким, бийлик менен соодагерлердин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө башка нерсеге макулдашса, дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкун.

Эске салсак, учурда ККМге каршы нааразылык акциясында чыккан соодагерлер бүгүн, 5-декабрда Горький сейил багында митингге чыгышты.

Ошол эле учурда ишкерлер Ош базарында ККМге каршы акцияга чыгышкан.

Учурда сейил бакка чогулган акциясын катышуучулары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15082