Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөнүн жыл мыктысы наамына көрсөтүлдү
RU

Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөнүн жыл мыктысы наамына көрсөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча "Жылдын мыкты балбаны" наамы үчүн ат салышып жатат. Бул тууралуу аталган уюм өзүнүн расмий баракчасында маалымдады.

Анда "жылдын мыктысы" наамына эркектер арасында дүйнөлүк деңгээлдеги беш балбан көрсөтүлгөн:

  • Акжол Махмудов - Кыргызстан;
  • Жоламан Шаршенбеков - Кыргызстан;
  • Луис Орта Санчез - Куба;
  • Амин Мирзазаде - Иран;
  • Лери Абуладзе - Грузия.

Эске салсак, 2022-жылы грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков жыл мыктысы аталган.

Ал эми кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова мыкты балбан наамы үчүн таймашып жатат. Тизмеде дагы кимдер бар?

  • Айсулуу Тыныбекова - Кыргызстан;
  • Юй Сусаки - Япония;
  • Акари Фужинами - Япония;
  • Амит Елор - АКШ;
  • Бюз Тосун - Түркия.

Бул наамга көрсөтүлгөн кыргызстандык үч балбан тең быйыл дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15124