Депутат айдоочулук күбөлүк алуу боюнча: "Президенттин карындашы 5 жолу сынак тапшырган"
RU

Депутат айдоочулук күбөлүк алуу боюнча: "Президенттин карындашы 5 жолу сынак тапшырган"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бүгүн, 14-декабрда парламент жыйынында Россиядагы мигранттардын айдоочулук күбөлүктөрү боюнча маселе жаралып жатканын билдирди.

Айтымында, ал кесиптештери менен Мамлекеттик Думанын депутаттары менен жолугушкан. Анда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салчу мыйзам долбоорун артка кайтарууну талкулашкан.

"Алар бул мыйзам боюнча бизди толук колдой турган болушту. Ал эле эмес, мыйзам долбоорду демилгелеген депутат жана анын фракциясы менен жолуктук. Артка кайтаргыла деп маселени козгодук. Депутаттардын ортосунда чечилди. Алар "силер да аракет кылып койгулачы" дешти. Биз айдоочулук күбөлүк алуу күчөтүлгөнүн түшүндүрдүк. Керек болсо президенттин карындашы 5 жолу сынак тапшырып, ала албай койгонун айттык. Алар реалдуу күбөлүк алгандардын тизмесин берүүнү суранышты. Себеби биздин күбөлүктү 3 миңге саткандар бар экен", - деди депутат.

Буга чейин Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги мыйзам долбоорун иштеп чыккан, ага ылайык, мыйзамсыз жүргөн мигранттарга айдоочулук күбөлүк алууга, унаа айдоого, акча которууга, кыймылсыз мүлк жана транспорт каражаттарын сатып алууга тыюу салынат. Ошондой эле Мамлекеттик Думага айдоочуларга орусиялык айдоочулук күбөлүгү болгондо гана Россиянын аймагында айдоочу болуп иштөөгө уруксат берүүчү мыйзам долбоору кароого сунушталган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15132