Садыр Жапаров желекти өзгөртүү өзүнүн демилгеси экенин мойнуна алды
RU

Садыр Жапаров желекти өзгөртүү өзүнүн демилгеси экенин мойнуна алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

II Элдик Курултайда Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин төрагасынан өлкөнүн желегин өзгөртүү демилгесин көтөрүүнү суранганын мойнуна алды. Буга байланыштуу ал Нурлан Шакиевди урушпай, аны (президентти) урушууну суранды.

"Бир убакта Назарбаев Казакстандын борбор шаарын Астанага көчүрүүнү сунуштаган. Көптөгөн депутаттар каршы болуп, кийин туулган күнүнө белек катары макул болууну суранган. Эми Астана кандай болуп калганын карагыла. Мен борбор шаарды көчүрөм дегеним жок, жок дегенде желекти өзгөртүүнү колдоп берип койгулачы. Мен сиздердин суранычыңыздарды аткарып жатам го, менин ушул, бир гана өтүнүчүм желекти оңдоп коюу. Эч кандай принципиалдуу өзгөртүүлөр болбойт, бул болгону жөн гана түзөтүүлөр. Биз аны көк же акка боёп жаткан жокпуз. Мени колдойсуздар деп ишенем, сиздерге ыраазымын",-деди Садыр Жапаров делегаттарга кайрылып.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15140