Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды
RU

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды.

Ал Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча аныкталды. UWW 2023-жылы кыргыз спортчусу дүйнөлүк рейтингдин туу чокусуна чыгып, 95,575 упай чогултканын жазды.

Айсулуу Тыныбееова быйыл Азия, дүйнө чемпиондугун багындырып, Венгрия менен Египеттеги рейтингдик турнирлерди утту. Ал быйылкы жылды Азия оюндарынан коло медаль тагынуу менен жыйынтыктады.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку, дүйнөнүн үч жолку, дүйнө кубогунун ээси, дагы көптөгөн эл аралык меледшердин баш байгесин алган, Токиодогу Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15167