Баткенде мечиттин имамы жашы жете электерге нике кыйган деп шектелди
RU

Баткенде мечиттин имамы жашы жете электерге нике кыйган деп шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Лейлек районунда жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдолор аныкталды. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында айтылат.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Лейлек районунун аймагындагы диний ырым-жырымдарды колдонууда мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтерди сактабай, жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдо аныкталды.

Факты 175-берене (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен катталып, сотко чейин өнүдүрүш иши башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Лейлек районундагы мечиттердин биринин имам хатиби 63 жаштагы М.М. октябрь айында жашы жете элек өспүрүмгө нике кыйгандыгы аныкталды. Ошондой эле район аймагында жыл ичинде башка молдорлор тарабынан да жашы 18ге толо элек өспүрүмдөргө нике кыйган 2 факты аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15195