10 айда жашы жете элек канча кыз ала качылган? Жоопко кимдер тартылат?
RU

10 айда жашы жете элек канча кыз ала качылган? Жоопко кимдер тартылат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда акыркы 10 айдын ичинде жашы жете элек кыздарды ала качуу, аларды никеге турууга мажбурлоо жана нике курагын бузуу боюнча 90дон ашык факты расмий катталган. Козголгон кылмыш иши боюнча айрым фактылар соттун кароосуна жөнөтүлсө, айрымдары тергөөдө. Дагы бир канча кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган.

Кыргызстанда ала качуу оор кылмыш экенине карабай кыздарды "уурдоо" дагы деле уланып келет. Мындай кылмышты жасагандарга жана ага шерик болгондорго мыйзамда кандай жазалар каралган, иш жүзүндө көрүлүп жаткан чаралар боюнча тиешелүү жактардын маалыматын угуп көрдүк.

Ала качуу жана никеге турууга мажбурлоо, нике курагын бузуу боюнча катталган кылмыштардын статистикасы

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматтык технологиялар, укуктук статистика жана эсепке алуу Башкы башкармалыгынын 2023-жылдын 10 айына (1-январдан тартып 1-ноябрга чейинки) карата берген маалыматына караганда, 91 факты расмий түрдө катталган. Алар:

172-берененин ("Никеге туруу максатында ала качуу") негизинде 17 жаштагы кызга үйлөнүү фактысы боюнча 1 кылмыш иши козголуп, иш материалдары сотко жөнөтүлгөн.

173-берене ("Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо") боюнча 17 жаштагы кызды никелешүүгө мажбурлоо боюнча 1 факты катталып, иш козголгон. Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунун негизинде кылмыш иши кыскартылган.

175-берене ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча 89 (15 жашта – 7 өспүрүм кыз, 16 жашта – 6 өспүрүм кыз, 17 жашта – 76 өспүрүм кыз) кылмыш иши козголгон. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 246-беренесинин негизинде 5 кылмыш иши токтотулган. Ушул эле кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгү, 2-пунктунун негизинде 7 иш кыскартылып, 72 иштин материалы сотко жиберилген. Өндүрүштө дагы 5 иш бар.

Ала качууда жабырлануучу бирөө болсо, жоопко тартылуучулар бир нече болушу мүмкүн

Жактоочу Шердор Абдыкапаров 18 жашка чейинки кыз менен никеге турууда жигиттин эле эмес, ата-энелердин жана нике кыйган диний кызматкердин да жоопкерчилиги бар экенин эскертет. Кылмышка шек саналгандарга айып пул салуудан тартып, пробациялык көзөмөл жана эркиндигинен ажыратууга чейинки жазалар колдонулат.

Алсак, 172-берененин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголсо оор кылмыштардын катарына кирип, 5-7 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Эгер тосмо арыз жазылса анда пробациялык көзөмөл колдонууга жол берилет. Ал эми 172-берененин 2-бөлүгүндө (жашы жете элек кыздар) каралган белгилер менен иш козголсо 7-10 жылга чейин камакка алынат. Аталган берене менен кылмыш жасагандарга айып пул төлөө менен жоопкерчиликтен кутулуп кетүү жайылтылбайт.

Юрист кошумчалагандай, жашы 18ге толо элек кызга баш кошууда бир шартта эле жеңилдик каралат. Жүйөлүү себеп, тактап айтканда кыз кош бойлуу болуп калган учурда кылмышка тартылбашы мүмкүн. Муну балдар иштери боюнча атайын комиссия карайт.

Жашы жете электерге нике кыйган диний кызматкерлерге кандай чара көрүлөт?

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан 18 жашка чыга элек кыздарга нике кыйбоо боюнча 2016-жылы буйрук чыккан. Анын негизинде диний кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. 2019-жылы Бирдиктүү никеге каттоо журналы иштелип чыккан.

"Нике кыюу ыктыярдуу иш да. Ошентсе да никеге каттоо журналы ишке киргенден баштап эки жаштын паспорттору текшерилип, жашы такталып келе жатат. Эгерде жашы жете элек кызга нике кыйылса имам же молдого мыйзамда каралган чаралар колдонулат. Ал эми Муфтият тарабынан диний кызматкер статусунан ажыратылып, иши токтотулат", - дешет Муфтияттан.

Жашы жете электер менен никеге турууну мыйзамсыз деп аныктаган мыйзамда эмнелер жазылган?

Кыргызстанда никеге туруунун шарттары, диний ырым-жырымдарды өткөрүүдөгү ар кандай бузуулар Кылмыш-жаза кодекси тарабынан жөнгө салынат. Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар төмөнкү беренелер менен көзөмөлдөнүшү керек деп көрсөтүлөт.

172-берене. Никеге туруу максатында ала качуу

  • Никеге туруу үчүн адамды ала качуу - 5 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.
  • Кызды иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу - 7 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза берилет.

173-берене. Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо

  • Кызды иш жүзүндө нике мамилелерине турууга мажбурлоо - 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө (100 миң сомдон 200 миң сомго чейин) чейин айып салууга же 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

174-берене. Адамды никеге турууга мажбурлоо

  • Адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо же никеге турбастан чогуу жашоого, чогуу жашоону улантууга мажбурлоо, ошого тете адамдын никеге туруусуна тоскоолдук кылуу - 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

175-берене. Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу

  • Өзүнө карата никеге туруу боюнча диний ырым-жырымдар жасалган баланын ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар), никеге туруунун диний ырым-жырымын жасаган адам, ошого тете нике курагы жөнүндө мыйзам актыларын бузуу менен өзүнө карата бала менен никеге туруу боюнча диний ырым-жырым жасалган жашы жеткен адам - 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14843