Камчыбек Ташиев күрөөканалар текшерилерин эскертти
RU

Камчыбек Ташиев күрөөканалар текшерилерин эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-декабрда УКМКнын Чүй облусу боюнча Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Чүй облусунун Москва районунун акими Ниязбек Козуев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

К.Ташиев өз сөзүндө өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин белгиледи.

"Коопсуздук кызматкерлерине коюлган 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири - күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу. Анткени насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматынан карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку үстөк пайызын төлөй албай, турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап жатат.

Улуттук банкты өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн лицензия боюнча текшерүүгө алууга чакырып, ар бир күрөөкана үстөк пайызын 30%дан ашырбоосу керектигин билгиледи.

Талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөрү эскертилди", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15199