Депутат педофилдерге өмүр бою эркинен ажыратуудан башка жаза колдонбоону сунуштады
RU

Депутат педофилдерге өмүр бою эркинен ажыратуудан башка жаза колдонбоону сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Марлен Маматалиев педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштады. Ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитет жыйынында тиешелүү мыйзам долбоору менен тааныштырды.

Демилгечинин айтымында, учурдагы колдонуудагы мыйзамда күнөөлүүнү 15 жылдан өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.

"Бул мыйзамга оңдоолор киргизилген, бирок бир нерсе калып кеткен. Жашы 60тан өткөндөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу каралбайт деген норма бар. Жаш балдарга зордук-зомбулук жасаса 60ка чыгабы, 70ке чыгабы, 80ге чыгабы өмүр бою эркинен ажыратылсын. Мындай кылмышкерлер жер үстүндө баспашы керек. Андайлар Кыргызстанда болбошу керек. Алар сыртта жүргөндөн көрө түрмөдө чирип өлгөнү артык. Биз баксак дагы түрмөдө эле отура бергени жакшы. Кылмышкерлер ар кандай шылтоолор менен абактан чыкпасын, ушуну колдоп берүүңуздөрдү суранам", - дейт депутат.

Мыйзам долбооруна Гуля Кожокулова каршы пикирин айтты. Ал кылмышкерлер тарапта эместигин белгилеп, ар бир учур, окуя жеке каралышы керектигин, ушундан улам мыйзамда альтернатива каралганын эскертти. Ошондой эле Башкы прокуратура да сунушталган долбоорго каршы болду.

Талкуудан кийин көпчүлүктүн добушу менен мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15204