Депутаттар айыл чарба министри кызматына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды
RU

Депутаттар айыл чарба министри кызматына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызмат ордуна Бакыт Төрөбаевди дайындоого макулдук беришти.

Жыйында депутат Айбек Маткеримов күн тартибинде 31 маселе турганына байланыштуу Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин талкуусуз эле добушка коюуну сунуштады. 67 депутат кесиптешинин сунушун колдосо, үчөө каршы пикирин билдиришти.

Жыйынтыгында Бакыт Төрөбаевди министрлик кызматка дайындоону 76 депутат колдоп берди. Каршы жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15212