Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу үчүн башкы прокурор ЖКдан макулдук сурады
RU

Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу үчүн башкы прокурор ЖКдан макулдук сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңешке кат жөнөттү. Парламенттин бүгүн, 27-декабрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев башкы прокурордун сунушун окуп берди.

"Депутат Эмил Жамгырчиевди КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү") көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушевден сунуш келип түштү. ЖКнын регламенти жана КРнын мыйзамынын 138-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, регламентте жана Жогорку Кеңештин статусу жөнүндө мыйзамда башкы прокурордон же соттон сунуш келип түшкөндө ЖК атайын депутаттык комиссияны түзүүнү 48 сааттын ичинде кезексиз тартипте карайт. Азыр эле депутаттык комиссия түзүлүп, ишти карай берсин", - деди төрага.

Комиссиянын курамы:

  • Данияр Төлөнов ("Мекенчил" депутаттык топ);
  • Эльдар Сулайманов ("Ата-Журт Кыргызстан");
  • Бахридин Шабазов ("Ишеним");
  • Кубанычбек Самаков ("Элдик" депутаттык топ)
  • Алишер Эрбаев ("Бүтүн Кыргызстан");
  • Бакыт Тентишев ("Ынтымак");
  • Азамат Исираилов ("Альянс");
  • Султанбай Айжигитов ("Ыйман Нуру").
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15213