Сойкукана уюштурууга көмөктөшкөн деп кармалган экс-аким каза болду
RU

Сойкукана уюштурууга көмөктөшкөн деп кармалган экс-аким каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Узакка созулган оорудан улам Кочкор районунун мурдагы акими Курманбек Байтереков ооруканада каза болду. Ал чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга жардам берген деген шек менен декабрь айынын башында коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалган.

Мурдагы чиновниктин каза болгонун Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнөн билдиришти. Алардын айтымында, Курманбек Байтереков 27-декабрда каза болду. Ал 69 жашта болгон.

Белгилесек, УКМК тараткан маалыматта Курманбек Байтереков "Ак-Суу" ("Дордой") базарынын ээси экени айтылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал уюшкан топтун курамында болуп, сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берген. Коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалгандан кийин абалы начарлап, ооруканада конвойлордун коштоосунда жатканы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15226