Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты быйыл да күйүп кетти
RU

Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты быйыл да күйүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты күйүп кетти. Мындай маалыматты ӨКМдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, өрт 29-декабрга караган түнү саат 00:50 чамасында чыккан. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Эске салсак, Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты былтыр 31-декабрдан 1-январга караган түнү толук күйүп кеткен. Текшерүүнүн жүрүшүндө өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо максатында тиешелүү экспертиза дайындалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 4 бала балаты күйөбү же жокпу деп ойноп от жагып көрүшкөнүн, от тутанып кеткенде өчүрүшө албай калгандыгы такталган. Факты боюнча 216-берене (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) менен кылмыш иши козголгон.

2021-жылы да жаңы жылдык балаты өрттөнүп кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15228