Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу болду
RU

Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ. Ак илбирс жаратылыш байлыгынын, маданий байгерликтин гана символу болбостон, глобалдуу аймактын 1/3 ээлеген тоо экосистемасынын туруктуулугунун жана саламаттыгынын да индикатору болуп саналат. Жаратылышта ак илбирстерди жоготуу аяр экологиялык балансты бузуу тобокелдигине алып келет, бул жаныбарлардын ар кандай түрүнө да, адамга да кыйраткыч таасирин тийгизет.

Байыркы кыргыз элинин маданиятында ак илбирс айбаттуулуктун, айкөлдүктүн, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын көрүнүшү болгон. Ошондуктан уламыштарда айтылгандай, илбирс улуу Манастын тотемдик жаныбары болгон. Ак илбирс, адам менен жаратылыштын биримдиги биздин дүйнөгө белгилүү залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" аттуу акыркы романында айкын сүрөттөлгөн.

Кыргызстан жапайы жаратылышты коргоо боюнча глобалдык программалардын активдүү катышуучусу болуп саналат.

Ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форумда ак илбирс жашаган 12 өлкөнүн өкүлдөрүнүн жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык экологиялык коомчулуктун колдоосу менен Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкек декларациясы бир добуштан кабыл алынган жана Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча комплекстүү глобалдык программасы (The Global Snow Leopard and Ecosystem Protection – GSLEP) жактырылган.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча демилгелерди андан ары мамлекеттик колдоо, ошондой эле ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу максатында Конституциянын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Министрлер кабинетине:

  • Кыргыз Республикасында ак илбирстин улуттук символ деген статусун таануу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
  • республикада ак илбирстин санын, ошондой эле анын экосистемасын коргоо боюнча чараларды көрсүн;
  • улуттук символду жайылтуу боюнча чараларды көрсүн, логотипти, колдонуу варианттарын иштеп чыксын, улуттук жана эл аралык деңгээлде символду колдонуунун багыттарын аныктасын;
  • улуттук символдун идеологиялык мазмунун аныктасын.

2. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги жана Инвестицияларды тартуу боюнча улуттук агенттик эл аралык кызматташтыктын, эл аралык аянтта инвестицияларды тартуунун алкагында ак илбирстин улуттук символун жайылтуу, анын санын жана экосистемасын коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле туристтик сегментте улуттук символду колдонуу максатында улуттук жана эл аралык деңгээлде өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15234