Президент жаңы жылдык каникулду кайда өткөрөрү белгилүү болду
RU

Президент жаңы жылдык каникулду кайда өткөрөрү белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров жаңы жылды үй-бүлөсү менен тосту. Мындай маалыматты өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, президент жаңы жылдык эс алуу күндөрдү да үй-бүлөсү менен өлкөдө өткөрөт.

"Ошол эле учурда мамлекет башчы Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен дайыма байланышта. Керек болгон учурда президент аларды резиденцияга чакыра алат", - деди Алагөзов.

Белгилесек, иликтөөчү журналист Болот Темиров жаңы жылдык майрам учурунда Кыргызстандан Дубайга, Парижге жана Миланга VIP аба каттамдары жасалганын билдирди.

Акыркы каттам 26 орундуу Airbus 320 учагы менен 1-январда эртең менен учуп, 8 сааттан кийин Милан аэропортуна конгон. Белгилей кетчү нерсе, учак абага көтөрүлгөндөн бир-эки сааттан кийин веб-сайттан учактын кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүн болбой турган блокко ээ болгон.

Белгилей кетсек, бул жеке учактардын бортунда ким болгону так белгисиз.

Болот Темиров өкмөттүк учактын да каттамдарына көз салган. Учак Бишкектен Ошко, андан Жалал-Абадга учуп, кайра Бишкекке кайтып келген. Болжол менен бул учакта УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15245