Ошто баланын билегин чөп майдалагыч кесип кетти
RU

Ошто баланын билегин чөп майдалагыч кесип кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына билеги кесилген бала түшкөн. Оорукананын дарыгер травматологу Мунарбек Табалдиев бейтапка ыкчам операция жасады.

Аталган ооруканадан билдиришкендей, баланын колу чөп майдалагыч аппаратына кирип, сөөктөрү жана эти жанчылып калган.

Дарыгерлердин жардамы менен бейтаптын билеги колуна тигилди. Баланын саламаттыгы калыбына келтирилет дешти ооруканадан.

Абайлаңыз, сүрөт!
Жабуу
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15253