Жүргүнчү ташыган эски автобустар сатылды
RU

Жүргүнчү ташыган эски автобустар сатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти "Бишкек шаардык жүргүнчүлөр автотарнспорт" ишканасынын короосунда турган 386 эски автобустарды сатты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына муниципалитеттен билдиришти.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, иштебей туруп калган транспорттор жалпы 21,391 млн сомго сатылган. Бардык каражат шаардык бюджетке которулган.

Белгилей кетсек, былтыр апрель айында эски автобустар аукционго коюлган. Анда муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы бир транспорт 32 миң сомдон 42 миң сомго бааланарын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15273