Ахрор Иминов УКМК тарабынан кайра кармалды
RU

Ахрор Иминов УКМК тарабынан кайра кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов УКМК тарабынан кайра кармалды. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Айтымдарында, 2024-жылдын башында Ахрор Иминов кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Ал эмнеге кармалганы азырынча белгисиз.

2023-жылы октябрь айында А.Иминов УКМК тарабынан кармалган. Коопсуздук комитети Иминов 261-берененин 2-бөлүгү (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Камчы Көлбаевди уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаган деп шек саналганын маалымдаган.

Ноябрь айында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15280