Индияда асынган абалда табылган кыргызстандык аялдын сөөгү өлкөгө жеткирилди
RU

Индияда асынган абалда табылган кыргызстандык аялдын сөөгү өлкөгө жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Индиянын Ришикеш шаарындагы мейманканалардын биринде 32 жаштагы кыргызстандык аял асынган абалда табылды. Мындай маалымат Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигине 5-январда түшкөн.

Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, элчилик тарабынан Индиянын укук коргоо органдарына тиешелүү кайрылуулар жөнөтүлүп, окуя тууралуу так жана кеңири маалымат суралган.

"Каза болгон жарандын жакындары менен байланыш болгон. Ришикеш шаарынын полициясы берген маалыматка караганда, туристтин каза болгонуна байланыштуу кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталган", - дешет тышкы саясий ведомстводон.

Ошондой эле маркумдун жакындары сөөктү мекенге жеткирүү өтүнүчүн келтиришкен. Бардык тиешелүү иш-чаралардан кийин Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринин жардамы менен 8-январда "Жүк-200" өлкөгө алып келинип, каза болгон жарандын сөөгү туугандарына өткөрүлдү.

Бул окуя министрликтин жана элчиликтин тыкыр көзөмөлүндө турганы кабарланды.

The Times of India басылмасы жазган маалыматта 32 жаштагы аял кондиционердин зымына асынып алганы айтылат. Маркум 2023-жылы 12-декабрда чет элдик туристтер менен чогуу медитация программасынан өтүүгө барган. Окутуу аяктагандан кийин 2-январда мейманканага жайгашып, эртеси күнү телефону өчүк болуп, дайынсыз болгон. Анын белгисиз болуп жатканын полиция каттоого алган.

Мейманкананын ээси эс алуучуну бөлмөдө асынган абалда тапканын билдирген деп жазган басылма.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: astanamazar.kz.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15289