Кытайлык компания Бишкекке таштанды өрттөөчү ири завод курат
RU

Кытайлык компания Бишкекке таштанды өрттөөчү ири завод курат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте таштанды өрттөөчү ири завод курулат. Капсуланы ушул жылдын жаз айларында салуу пландалып жатканын Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Белгиленгендей, 2023-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Junxin компаниясынын башкы директору Dai Daoguo калдыктарды өрттөөнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү объекти боюнча кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашууга кол коюшкан. Бул компания инвестор катары таштандыларды өрттөөчү завод куруу каалоосун билдирген.

Бүгүнкү күндө долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, ошондой эле Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү заводдун курулушунун долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгууда. Курулуш процесси бир жарым жылга жакын убакытты алат.

Учурда Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жетектеген делегация Чанша шаарындагы экологиялык жактан таза, таштандыларды өрттөөчү Junxin Environment Protection ири заводунун иши менен таанышып жүрөт.

Junxin заводу таштандыларды кайра иштетип гана тим болбостон, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган илимий-изилдөө иштерди да жүргүзөт. Завод жогорку технологияны колдонот. Калдыктардан завод электр энергиясын, курулуш материалдарын, жер семирткичтерди, биодизельдерди, ошондой эле сугат үчүн техникалык сууларды чыгарат.

Завод тамак-аш калдыктарын утилдештирүү, медициналык таштандыларды жана тиричилик таштандыларын утилдештирүү блокторунан турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15293