Элмирбек Иманалиевге Эл баатыры наамын ыйгаруу сунушталды
RU

Элмирбек Иманалиевге Эл баатыры наамын ыйгаруу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак таңдай акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Элмирбек Иманалиевге көзү өткөндөн кийин Эл баатыры наамын берүү сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов жыйында билдирди.

Эл өкүлү белгилегендей, Элмирбек Иманалиев убагында бийликке сынды бетке айтчу. Анын орду акындардын арасында эле эмес, коомдогу инсандык орду дагы жогору дейт.

"Бетке айтып, ырдап чыккан жигит болчу. Эл артисти наамын да оңой алган эмес. Анын кандай болгонун эл билет. Акынды Кыргыз эл баатырына сунуштайт элем. Ушул маселени колдоп берсеңер", - деп кесиптештерине кайрылды.

Белгилесек, 17-январь Элмирбек Иманалиевдин туулган. Жыл сайын ушул күнү ак таңдай акындын шакирттери эскерүү концертин уюштуруп келишет.

Бирок бул жолку концертке төкмөнүн айрым шакирттери катышпай турганы айтылды. Буга иш-чарага катыша турган жана концерттен четтетилдик деген тараптардын оюн укканбыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15294