Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келди
RU

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдөн үй-бүлөсү менен чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков кайтып келди. Бул туурасында ал Facebook баракчасына жазып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кабыл алуусунда болгонун айтты.

"Арыбаңыздар, ардактуу элим! Кыргызстанга келип силер менен амандашып турганыма кубанычтамын. Өзүңүздөр көрүп тургандай Камчыбек Кыдыршаевичтин кабыл алуусунда болуп, улуттук баалуулуктар жана "Манас" дастанын жайылтуу жана улуттук идеология боюнча баарлаштык. Жакшы сөзүн айтып, кабыл алганына ыраазычылык билдирем. Мен манасчы болгон үчүн ар бир кыргыз баласы Манас бабабызды сыйлап-урматтап, туу тутушу керек деп ойлойм. Камчыбек Кыдыршаевичтин дагы оюнда Манас улуттук баатыр, улуттун жүзү катары даңазаланышы керек деген тариздеги ойлорун угуп кубандым", - дейт ал.

Ошондой эле буга чейин эстелик коюлбаган Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарына Манас баатырдын эстелигин курууну Ташиев колдогонун айтты.

"Дүйнөлүк ааламдашуу доорунда биз улуттун жүзү болгон тарыхыбызды, маданиятыбызды татыктуу даңазалоого милдеттүүбүз! Ал эми элге кызмат кылам деген эл уулдары урпактардын келечеги үчүн өзөгүбүз болгон Манас бабабызга кызмат кыла беришсин", - деди манасчы.

Эске салсак, 2022-жылы май айында "Манас айылы" тарыхый этнографиялык комплексин кайра куруу боюнча долбоорго байланыштуу манасчыга бийликтен кысым болуп, ал үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгону айткан. Ошондон бери Дөөлөт Сыдыков Москвада жүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15298