Кадамжайда күйөөсү муунткан келиндин өлүмүнөн кийин Ташиев аймакка жөнөп кетти
RU

Кадамжайда күйөөсү муунткан келиндин өлүмүнөн кийин Ташиев аймакка жөнөп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда 22 жаштагы келинди күйөөсү муунтуп өлтүргөнгө шектелди. Маркумдун жакындары күйөө баласы буга чейин да зомбулук көрсөткөнүн айтып, кылмыш боюнча акыйкат тергөө болуп, күнөөлүү мыйзам чегинде жазасын алуусун суранышып, президентке жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Бүгүн, 12-январда Камчыбек Ташиев окуяга реакция кылып, Баткенге учуп кеткенин айтып, атайын кайрылуу жасады.

"Урматтуу кыз-келиндер, эгерде сиздерге карата зордук-зомбулук болуп жатса тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМКнын кеңселерине кайрылыңыздар. Биз энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө милдеттүүбүз! Эне бар, үй-бүлө бар мекенибиз болот", - деп жазды ал Facebook баракчасына.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15299