Нуржигит Кадырбеков кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн жогорку упай алды
RU

Нуржигит Кадырбеков кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн жогорку упай алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку упай алды. Бул туурасында "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынын жыйынында билдирип, депутатка сертификат тапшырылды.

"Сиздин жыйынтыгыңызды карап көрүп, мен абдан кубанарлык нерсени айткым келип жатат. Акыркы 3 жылдын статистикасын карап көрдүк. 2021-жылы эң жогорку упай 86,8 пайыз экен, 90го жетпейт. 2022-жылы бир жаран 91,6 пайызга ээ болгон экен. 2023-жылы 96,8 пайызды болду, Нуржигит Кадырбеков алды. Бул 3 жылдын көрсөткүчү боюнча абсолюттук жогорку жыйынтык", - деди директор.

Жыйынга катышкан Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев 90 депутаттын ичинен Нуржигит Кадырбеков биринчилерден болуп "Кыргызтесттен" абдан ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15304