Тишин дарылатуу учурунда чарчап калган кыз. Жеке клиника жабылды
RU

Тишин дарылатуу учурунда чарчап калган кыз. Жеке клиника жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте тишин дарылатуу учурунда чарчап калган 3 жашар кыздын окуясынан кийин жеке клиника жабылды. Бул туурасында бүгүн, 15-январда саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Ринат Мавланбай уулу комитет жыйынында айтты.

Ал белгилегендей, каргашалуу окуядан кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги комиссия түзүп, ички иликтөө жүргүздү.

"21-декабрда 13 адамдан турган комиссия иликтөө жүргүзүп, чогултулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Гистологиялык изилдөөдөн кийин дарыгер-анестезиолог камакка алынды. Бул чуу жараткан окуя болгондуктан биз Бишкектеги, Чүйдөгү жеке клиникаларды текшерип баштаганбыз. Учурда текшерүү улантылууда. Ал эми 3 жашар кыздын тишин дарылатуу боюнча консультация "Дентал макс" жеке клиникасында болуп, дарылоо процесси медициналык академиянын дарылоо борборунда болгон. Аталган жеке клиника жабылды", - деди ал.

Эске салсак, 18-декабрда 3 жашар кыз тиш дарылатып жатып каза болду. Октябрь РИИБден билдиришкендей, ошол эле күнү кыздын чоң энеси арыз менен кайрылып, дарыгерлер кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыктан небереси каза болгонун билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Экспертизанын корутундусу "баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок" себеп болгон деп чыккан. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган анестезиолог кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15313