Нурлан Насиптин сыйлыгынан кийинки талкуу. Президент эмгеги сиңгендер сыйланып бүттү дейт
RU

Нурлан Насиптин сыйлыгынан кийинки талкуу. Президент эмгеги сиңгендер сыйланып бүттү дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы жыл алдында мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземи болуп, анда эстрада ырчысы Нурлан Насип Ардак грамота алган. Сыйлык тапшыруу учурунда ырчы композитор катары тааныштырылып, сын-пикирлер айтылган.

Сыйлыктар боюнча ар кандай талкууларга президент Садыр Жапаров жооп берип, сыйлыктар эми мурдагыдай берилбей турганын, эмгеги сиңгендердин баарына көңүл бурулганын айтты.

"Мурда сыйлыктар сатылып келгенин баарыңар эле жакшы билесиңер. Кечээ эле жаңы чыгармачылыгын баштаган жапжаш жарандарыбыз эң жогорку сыйлыктарды алышчу. Тээ СССР мезгилинен бери элге эмгеги сиңгендер сыйлык албай келишкен. Мен келгенден кийин дароо ревизия кылдырттым. Илгертен бери эмгеги сиңип бирок сыйлык ала албай жүргөндөрдүн баарына сыйлык берип бүттүк.

Эми быйыл мамлекеттүүлүгүбүздүн 100 жылдыгына байланыштуу 100гө жакын кишиге сыйлык беребиз. Болду ошону менен сыйлык деген теманы кескин кыскартабыз.

Айрым сыйлыктарды жоёбузбу же талаптарды күчөтөбүзбү, ал боюнча Сыйлык берүү боюнча комиссия карап чыгат", - дейт өлкө башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15319