Президент: Мурда наамды тааныш-билиш аркылуу же сатып алышчу
RU

Президент: Мурда наамды тааныш-билиш аркылуу же сатып алышчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 29-декабрда бир топ ишмерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. Ал "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде сыйлыкты эмгеги сиңгендер гана аларын айтты.

Белгилесек, мындан бир нече жыл мурда Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктар тууралуу Facebook баракчасына "Бийлик качаарда сыйлыктарды берип баштачу эле" деген пикирин калтырган. Андагы сөзүн өлкө башчы мындайча түшүндүрдү.

"Ооба, 2015-жылдары жазсам керек эле. Ал кезде сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей эле, "дежурларга" көп берилген убак болчу. Ким бийликти мактап-жактап, коргоп турса, ошолорго же бийликтин жакындарына берилчү. Ошону айткам.

Татыктуу адамдар тааныш-билиш менен алышчу же сатып алышчу. Бул акчаны өмүр бою эмгек акыга иштеген, башка бизнеси жок карапайым мугалим, карапайым дарыгерлер кайдан тапмак эле.

Эми мындан ары мамлекетке эмгеги сиңгендер гана алат. Администрациядан кимде-ким мурдагыдай коррупциялык жол менен сатып же тааныш-билиштик кылып бере баштаган болсо, анын орду түрмө болот", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9770